7–9-ноябрда Ош шаарында II Эл аралык илимий-популярдык жана агартуучулук «Сулайман-Тоо» кинофестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, ыйык Сулайман-Тоонун этегинде өтө турган фестиваль Кыргыз Республикасынын баатыры, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат.
Иш-чаранын негизги максаты — илимди, билимди, маданиятты жана искусствону кинематография аркылуу жайылтуу, илимий-популярдык жана агартуучулук тасмаларды өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо.
Фестивалдын программасында конкурстук жана атайын көрсөтүүлөр, лекциялар, мастер-класстар, ошондой эле Болот Шамшиевдин тасмаларынын ретроспективасы каралган.
Белгилей кетсек, фестиваль Кинематография департаментинин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен уюштурулууда.

