Ошто 37 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү кармалды


Ошто киши колдуу болуп каза тапкан 37 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.
Сөөк 12-октябрда саат 22:10 чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен табылган.
“Алгачкы сурак учурунда шектүү маркум экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, аны швабра менен бир нече жолу уруп ийгенин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.