Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2026-жылдын 12-октябрындагы чечими менен «Шумкар» медиадолбоорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул тууралуу экстремисттик деп таанылган материалдардын тизмесинен алынган көчүрмөдө айтылат.
Ошондой эле аталган жазууда Самат Кушбек (мурдагы Самат Жумалиев), Сыргак Кенжебаев, Айдарбек Раев жана Теңиз Бөлтүрүктүн (мурдагы Тенизбек Болтуруков) «башка уюм катарындагы» ишмердүүлүгү да көрсөтүлгөн.

