Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырым жуук аянтты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу аймагына айландыруу иштери башталды.
Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев жаңы эс алуу жайдын долбоорун коомчулукка тааныштырды.
Долбоордун алкагында мында жашыл аймак түптөлүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн сейилдеп, эс алууга ыңгайлуу болгон бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле экологиялык талаптар сакталып, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси корголот. Муну менен катар дарыянын жээгин тазалоо иштери дагы улантылат.
Мындан тышкары, аймакта байыркы Оштун кайталангыс архитектурасын, тарыхын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча курулат.
Мурда соода-сатык кызуу жүргөн бул аймак эми шаардын көркүн арттырган, тарыхый мурас менен заманбап шаар чөйрөсүн айкалыштырган эс алуу жайына айланат.
Жаңы эс алуу багынын ачылышы келээрки жылдын май айына карата пландалууда.

