Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь–август айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 55 079 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,7%га көп.
Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 16,1%га өстү.
Эмгек акынын эң жогорку өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:
- Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 1,5 эсеге;
- Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө — 49,1%га;
- Билим берүү — 44,5%га;
- Курулуш — 37,6%га;
- Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 35,7%га;
- Айыл, токой чарбасы жана балык уулоочулук — 30,8%га;
- Суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү — 30,6%га.
Ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында эмгек акы 24,5%га, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында 23,5%га, административдик жана көмөкчү ишмердикте 22,0%га өстү

