Бишкектеги Троицкая көчөсүндө 16-октябрда жол кырсыгы катталып, 2010-жылы туулган жөө жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, 2009-жылы туулган, айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм BMW унаасын айдап бара жатып, токтоп турган Hovo жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Андан соң жөө жүргүнчүнү жана Toyota Land Cruiser унаасын сүзгөн.
Жабыркаган өспүрүм сол бутунун жабык сыныгы жана баш мээсинин чайкалышы менен №3 балдар ооруканасына жаткырылган.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталып жатат.

