Көлбаевдин мурдагы жан сакчысына сот өкүмү чыкты


Бишкектин Биринчи май райондук соту криминалдык чөйрөдө «Узун Улан» деген каймана ат менен белгилүү Улан Барчакеевди тогуз жылга эркинен ажыратып, мүлкү конфискациялады.

Ал «уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу», «каракчылык жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Ички иштер министрлиги 2025-жылы 4-сентябрда криминалдык чөйрөдө “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү 1972-жылы туулган Б.У.К. аттуу Кыргызстандын жараны Москвада кармалып, алып келингенин билдирген.

Б.У.К. кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жакын, ишенимдүү адамы болгонe жана анын жеке коопсуздугуна жооп бергени айтылган.