Жогорку сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, ЖКнын экс-депутаты Адахан Мадумаровго байланыштуу чыккан мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырды.
Мадумаровдун мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу боюнча арызы бүгүн, 20-октябрда каралган.
Эске салсак, 2024-жылы 26-мартта Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде жаза чегерген эмес.
Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

