20-октябрда президент Садыр Жапаров жаңы «Мадина» базарына күтүүсүз барып, соодагерлер менен жолугушту. Ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ноябрдын башына чейин толук ишке киргизүүнү тапшырды. Администрациянын маалыматына ылайык, ишкерлердин 90%га жакыны жаңы соода жайларына көчүп барган.
Соодагерлер ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Жапаров август айында өрт чыккан эски базарга да барды. Жабыркагандарга кенемтени жер тилкесинин ээси төлөй турганы, ал эми мурда соода орундарын сатып алган ишкерлердин кайрылуулары өзүнчө каралары айтылды.

