Масалиев кыргыз тилинен тест тапшырды


ЖКнын мурдагы депутаты Исхак Масалиев кыргыз тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча 76, окуудан 76 балл алды.

Ал эми жазуу жана сүйлөө боюнча сынактын жыйынтыгы чыга электигин билдирген.

Ошол эле учурда Масалиев талапкер болуу ниетин ачык айткан жок.

Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алышкан эмес.