Мыйзамсыз ташылып келген 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок


Россиядан мыйзамсыз ташылып келген 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Талас облусундагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунун «Чоң-Капка» чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 21 миң кг тоок этине текшерүү жүргүзүшөн. Анын жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптардын бузулганы аныкталган.

Натыйжада тиешелүү акт түзүлүп, жүк «Чоң-Капка» өткөрүү пункту аркылуу Россияга кайра артка кайтарылды.