Кыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт


Чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында кабыл алынды. Жаңы ишкана Айыл чарба министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдында иштейт. Анын иши суу менен камсыздоо жана саркынды суу системаларын өнүктүрүүгө багытталат.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ар бир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо планын иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле жооптуу жетекчилерге суу түтүктөрүн курууда иштердин сапатын жана мөөнөтүн көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.