Тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 505 токтому менен кабыл алынып, нотариустар тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн Кадастр органдарында белгиленген мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнө теңдештирүүгө багытталган.
Буга чейин кыймылсыз мүлк менен байланышкан бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү Кадастр органдарында алынуучу алымдарга салыштырмалуу 3–4 эсе жогору болгон. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшүн караган келишимдерди нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү кыйла төмөндөтүлгөн.
Накталай эмес эсептешүүлөрдө:
· Жакын туугандардын (балдардын, ата-энелердин, жубайлардын, бир тууган ага-инилердин, эже-сиңдилердин, чоң ата, чоң энелердин жана неберелердин) ортосундагы бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алым мурда 1 000 сомду түзсө, азыр 300 сомду түзөт;
· Башка жеке жактардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алым мурда 2 000 сомду түзсө, азыр 500 сомду түзөт;
· Эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо, мамлекеттик алым мурда 5 000 сомду түзсө, азыр 1 000 сомду түзөт.
Накталай эсептешүүлөрдө:
· Жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алым мурда 10 000 сомду түзсө, азыр 3 000 сомду түзөт;
· Башка жеке жактардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алым мурда 20 000 сомду түзсө, азыр 5 000 сомду түзөт;
· Эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо, мамлекеттик алым мурда 50 000 сомду түзсө, азыр 10 000 сомду түзөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда карызкордон акча каражаттарын өндүрүп алуу же кыймылдуу мүлктү талап кылуу боюнча нотариус тарабынан чыгарылган нотариалдык буйрукту берүү үчүн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүнө да өзгөртүүлөр киргизилген.
Жеке жактар үчүн нотариалдык буйрукту берүү боюнча мамлекеттик алымдын өлчөмү өзгөрүүсүз калып, 1 000 сомду түзөт.
Ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда мурда белгиленген 2 000 сом өлчөмүндөгү туруктуу мамлекеттик алымдын ордуна эми өндүрүлүүчү сумманын 1 пайызы өлчөмүндө мамлекеттик алым каралган. Мында мамлекеттик алымдын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

