Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жаңы Реестрин толтурууну аяктады. Ачык базада 2 959 басылма жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Реестр бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.
База катталган жалпыга маалымдоо каражаттары менен таанышууга жана каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин тандалган аталыштын катталган-катталбаганын өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо тартиби жаңыртылды. Эми каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет жана аны Юстиция министрлигинин сайтынан көчүрүп алууга болот.
Уюштуруучу же жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы өзгөргөн учурда гана кайра каттоо талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөргөн учурда Юстиция министрлигине белгиленген мөөнөттө – 30 календардык күндүн ичинде кабарлоо зарыл.
Реестрге маалыматтарды киргизүү мөөнөтү 7 жумушчу күндөн 3 жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Реестрден көчүрмө 7 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Жаңы Реестр жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоого алуудан баш тартуу тартиби жөнүндө Жобону бекиткен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтомун ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Реестрине жана каттоонун жаңы эрежелерине шилтемелер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий Telegram-каналында жарыяланды.

