Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары кармалды


КР УКМК тарабынан «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема аныкталды. Алар бир жыл бою электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү менен электр тармагына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан. Натыйжада мамлекетке зыян келтирилген.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүндө (пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «КУЭТ» ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жана электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү, уруксат берүүчү документтерсиз электр энергиясын пайдалануу, ошондой эле абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактысы боюнча «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. кармалды.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.