Бишкекте базага бара жаткан автобус 4 жеңил унааны сүзгөн. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-октябрда түнкү саат 23:00 чамасында Курманжан датка жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Автобус 4 унааны сүзгөн: «Киа Монинг», «Хендай Соната», BYD жана «Фольксваген Пассат».
«№166 автобустун айдоочусу саат 05:50дө наркологиялык текшерүүдөн өтүп, каттамга чыккан. Окуя болгон учурда автобус Курманжан датка көчөсү менен түштүк багытты көздөй бара жаткан. Исакеев көчөсүнө солго бурулуп жатканда төрт жеңил унаа менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен жеңил унаалардын 3 айдоочусу жана жашы жете элек бала жабыркаган. Окуя болгон жерге тез жардам чакырылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгы Милициянын кайгуул кызматы тарабынан катталды. Учурда текшерүү жүргүзүлүүдө.

