Мамлекет “Дөөлөт курулуш” компаниясынын үлүшчүлөрүнүн көйгөйүн чечүүнү көзөмөлүнө алып, турак жайлардын курулушун аяктоо үчүн инвесторлорду тартты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, компания Кудайберген конушундагы 1 400 жарандын жана Сокулуктагы 1 500 жарандын каражатын курулуштун алгачкы этабында чогултуп, андан кийин анын өкүлдөрү из жашырып кетишкен.
“Учурда бул маселени көзөмөлүбүзгө алып, инвесторлорду таптык. Алгач компаниянын өкүлдөрү турак жайдын бир чарчы метрин 750 АКШ долларынан сатууну убада кылышкан. Бирок кийин жүргүзүлгөн эсептөөлөр анын өздүк наркы 920 долларды түзөрүн көрсөттү. Үлүшчүлөр батирлерин ушул баада алып, салган каражаттарын жоготуп албашы үчүн биз процессти көзөмөлдөп жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы маселе жабыр тарткан бардык үлүшчүлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен чечилип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекет үй-бүлөлөрдүн турак жайлуу болушуна жардам берүү максатында бул маселени жөнгө салууга киришкен.
“Алдамчылыкты жеке адам жасаган, бирок анын кесепетинен 3 миңге жакын жаран жабыр тарткан. Биз бул үй-бүлөлөрдүн абалын түшүнгөндүктөн, маселени чечүү менен алектенип жатабыз. Болбосо, аларга сотко кайрылууну сунуштасак деле болмок”, — деди Садыр Жапаров.
Президент курулушту аягына чыгаруу жана жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн үлүшчүлөр менен өз ара түшүнүшүп иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бир чарчы метр үчүн 920 долларлык баага макул болуп, ишти аягына чыгаруу керек. Чыр-чатак чыгарып, ызы-чуу салып, элди митингге чакыруунун кереги жок”, — деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле интернетте 10–20дай адам кайрылууларын жарыялап, турак жайдын баасын кайра кароого каршы чыгып жатканын белгиледи. Президент аларды чыр-чатак чыгарбоого жана жарандарды митингге чакырбоого үндөдү.

