«Мен сага ыраазымын, кетмен дос» китебинин бет ачары өттү


Кечээ, 23-октябрда, жазуучу Бахтияр Шаматовдун Абдынасип Тойчубаев агайдын өмүрүнө, чыгармачылыгына жана адамдык бийик сапаттарына арналган «Мен сага ыраазымын, кетмен дос» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, Абдынасип Тойчубаевдин замандаштары жана жакындары катышты.
Китептин бет ачарында Абдынасип Тойчубаевдин басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, адамдык сапаттары жана коомго сиңирген эмгеги тууралуу сөз болду.
Иш-чара TOLON MUSEUM заманбап искусство музейинде өтүп, ага келген акын-жазуучулар музейдин ишмердүүлүгү жана экспозициялары менен таанышышты.
Музейдин өзгөчөлүктөрүнүн бири — совет доорунан калган жабдуулардын сакталып турушу. Өткөн доордун изин чагылдырган бул буюмдар музейдин мейкиндигине өзгөчө маанай тартуулап, тарых менен заманбап искусствонун өз ара байланышын көрсөтүп турат.
TOLON MUSEUM 2011-жылы ишкер, маданиятты баалоочу Толонду Тойчубаев жана маданият таануучу Гамал Боконбаевдин демилгеси менен негизделген. Музейдин негизги максаты — заманбап искусствону өнүктүрүү, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгын колдоо жана жаңы көркөм чыгармалардын жаралышына шарт түзүү.
Музей менен таанышуу учурунда акын-жазуучулар заманбап искусствонун багыттары, көргөзмөлөрү жана чыгармачыл долбоорлору тууралуу маалымат алышты.
Адабият менен көркөм өнөрдүн өкүлдөрүн бириктирген бул маданий жолугушуу чыгармачылык байланыштарды чыңдоого жана пикир алмашууга өбөлгө түздү.