24-октябрда Бишкек, Ош, Баткен, Нарын жана Талас шаарларында, ошондой эле Ысык-Көлдө Кыргызстандын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери арасында күзгү жеңил атлетикалык чуркоо өттү. Спорттук иш-чара «Жаратман муун» улуттук долбоорунун алкагында уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол доктринасына ылайык өткөрүлдү.
Чуркоого 5 миңге жакын студент катышты. Бишкекте борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын студенттери чуркоого кошулса, Ош шаарында иш-чара Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттерин бириктирди. Ошондой эле Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдө да чуркоолор уюштурулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы студент жаштарды камтыды.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту жана дене тарбиясын өнүктүрүү, ошондой эле активдүү, максатка умтулган жана жоопкерчиликтүү муунду калыптандыруу.
«Жаратман муун» чуркоосу студенттерди ден соолук, биримдик жана жаратуучулук баалуулуктарынын айланасында бириктирди. Катышуучулар чыдамкайлыгын, күчүн жана жаңы жетишкендиктерге умтулуусун көрсөтүп, дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдешти.
Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер-жерлерде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосу жана медициналык тейлөө уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студент жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө, ден соолугун чыңдоого жана активдүү жашоо маданиятын калыптандырууга багытталган демилгелерди ырааттуу колдоп келет.
«Жаратман муун» долбоору жаштардын потенциалын ачууга, аларды жаратуучулук демилгелердин айланасында бириктирүүгө жана билимге, инсандык өсүүгө, Кыргызстандын өнүгүшүнө активдүү катышууга умтулган муунду тарбиялоого багытталган.