Аксыда “Тосту” жана “Аксы” чакан ГЭСтери ишке киргизилди


Аксы районунда чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн алкагында кубаттуулугу 0,5 мегаватт болгон “Тосту” жана 4,75 мегаватт болгон “Аксы” чакан гидроэлектр станциялары ишке киргизилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөдө жашыл энергетиканы жана чакан ГЭСтерди куруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, мындай долбоорлор жергиликтүү калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана аймактын экономикасын көтөрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Акыркы жылдары Кыргызстанда энергетикалык кризистин алдын алуу, гидроэлетр станцияларынын потенциалын толук пайдалануу жана кайра жаралуучу энергия булактарын (жашыл энергетиканы) өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өлкө аймагында кичи жана орто ГЭСтерди куруу инвесторлордун катышуусунда жигердүү жүргүзүлүп, бул чарба субъекттерин электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого жана региондордун өнүгүшүнө шарт түзүүдө.