2026-жылдын 23-октябрында КР УКМК тарабынан КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте Баткен бириккен шаардык аскер комиссариатынын (ОГВК) 2-бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы туулган А.У.А. тарабынан Баткен районунун 2008-жылы туулган тургуну А.Б.Адан (үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында ден соолугуна байланыштуу мөөнөттүү аскердик кызматтан бошотулган чакырылуучу) акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында А.У.А. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Жеке автоунаасын тинтүү учурунда Баткен ОГВКнын кызматтык документтери (чакырылуучулардын өздүк иштери), жабырлануучу А.Б.Анын өздүк документтери, жыйноо пунктунда чакырылуучуларга берилүүчү кургак паектор жана башка буюмдар табылып, алынган.
КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, кармалган жаран Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


