Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Брайан Уильямс менен жолугушту. Жолугушууда инвестицияларды тартуу, инвестициялык саясатты өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын институционалдык дараметин чыңдоо багыттарындагы кызматташтыктын багыттары талкууланды.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин 2027–2030-жылдарга карата стратегиялык документтерин, анын ичинде Инвестицияларды тартуу концепциясын, Улуттук агенттикти өнүктүрүү стратегиясын жана Инвестицияларды тартуу программасын иштеп чыгуу маселелерин карашты. Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогду өнүктүрүү, инфраструктуралык жана социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга жеке капиталды тартуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү жаатындагы БУУнун кызматташтык алкагындагы 2028–2032-жылдарга карата программасын даярдоо боюнча консультациялык процесске Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин катышуусу каралды. Бул процессте улуттук инвестициялык артыкчылыктарды эске алуунун жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө жеке сектордун катышуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди даярдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.


