Баткен облусунун Кадамжай шаарында КР УКМК тарабынан Аймактык ыкчам штаб түзүлүп, «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуулар өткөрүлдү.

Машыгуулардын негизги максаттары Аймактык ыкчам штабдын ишин уюштуруу, террордук топторду аныктоо, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, ошондой эле стратегиялык объектилердин корголуу деңгээлин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун текшерүү болду.
Антитеррордук машыгууларды өткөрүүгө КР УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын күчтөрү жана каражаттары, ошондой эле мамлекеттик органдар менен мекемелер, анын ичинде КР ИИМдин Баткен облусундагы бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлери тартылды.
Өткөрүлгөн машыгуулар күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын практикалык аракеттерин иштеп чыгууга, ошондой эле террордук коркунучтар жаралган учурда алардын даярдыгын жана өз ара аракеттенүүсүнүн шайкештигин текшерүүгө мүмкүндүк берди.

