Кыргызстан менен Азербайжан курорттук туризмди өнүктүрүү боюнча кызматташат


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедов менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандагы санаторий-курорттук жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сахиб Мамедов Конфедерациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалыматтарга токтолуп, Азербайжандагы заманбап санаторий-курорттук комплекстерди башкаруу жана ден соолукту чыңдоочу эс алууну уюштуруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул тажрыйба дарылоо-ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүү үчүн олуттуу жаратылыш ресурстарына ээ Кыргызстан үчүн пайдалуу.

Кыргызстандын минералдык жана термалдык булактары, тоолуу климаттык курорттору жана Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылыш-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү бул тармакта жаңы долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Заманбап инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн туристтик жагымдуулугун арттырууга, бизнес үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана аймактардын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга жана санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү, ошондой эле ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.