Бишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жатат


Бишкек мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарына байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев өткөргөн жыйындын жыйынтыгында муниципалитет билдирди.

Жыйында ишкердин муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 миң сом которгону да каралды. Мэр кызматтык иликтөө жүргүзүп, тиешеси барларды аныктоону жана акчаны алган кызматкерди иштен бошотууну тапшырды.