Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам, анын ичинде 88 бала каза болду


2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда 3 624 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 1,4 эсе аз. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кырсыктардан 572 адам, анын ичинде 88 бала каза болгон. Дагы 5 519 адам жаракат алган, алардын 1 140ы балдар.

Жол кырсыктарынын көбү Бишкекте (27,4%), Чүй (24,2%) жана Ош (14,8%) облустарында катталган. Мас абалындагы айдоочулардын күнөөсү менен 170 жол кырсыгы болгон. Бул көрсөткүч да былтыркыга салыштырмалуу 1,4 эсе азайган.