Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды


2025-жылы Кыргызстандагы 32 кинотеатрда 247 миңден ашык киносеанс өтүп, аларга 4 миллиондон көп көрүүчү барган.  Кинотеатрлардын көбү Бишкекте — 10, Ош шаарында жана Нарын облусунда бештен жайгашкан.

Өлкөдө 21 кесипкөй театр иштеп, бир жылда 1 931 спектакль жана көрсөтүү тартуулаган. Мындан тышкары, Кыргызстанда 66 музей, 49 маданият жана эс алуу паркы, 6 концерттик уюм бар. Алар жыл ичинде 197 концерт өткөргөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.