Кыргызстанда курулуш компанияларына имараттын пайдубалы жана жер астындагы бөлүгү толук бүтмөйүнчө батирлерди сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Бул иштер аяктаганга чейин компаниялар үлүштүк катышуу келишимдерин түзүп, сатып алуучулардан акча тарта албайт. Тыюунун сакталышын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти текшерет. Учурда курулуш компанияларына эскертүүлөр жөнөтүлүүдө.

