Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди


Бүгүн, 4-ноябрда, Кыдыров Акай Имаралиевич Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.

Эске салсак, арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда аяктайт. Буга чейин Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеевдер арыз тапшырышкан.