Ички иштер министрлиги жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды ыкчам алуу үчүн «Мыйзамбек» виртуалдык жардамчысын тесттик режимде ишке киргизди.
ИИМден билдиришкендей, учурда жарандар жардамчыга Telegram мессенджери аркылуу кайрыла алышат. Андан экономикалык кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара талап кылуу жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат берүүгө болот.
Ошондой эле жарандар башка мыйзам бузуулар жана шектүү жагдайлар боюнча билдирүү жөнөтүп, кеңеш ала алышат.
ИИМдин маалыматына ылайык, келип түшкөн ар бир кайрылуу белгиленген тартипте каралып, мазмунуна жараша Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына же Ички иликтөө кызматына жөнөтүлөт.
Министрлик жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин белгилеп, аларды мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды өз убагында билдирүүгө чакырды.
Виртуалдык жардамчы жарандар менен милициянын ортосундагы байланышты жеңилдетүүгө багытталган санариптик курал болуп саналат.

