Кыргызстанда «Манасчы» макамын киргизип, айына 62 миң сом төлөө сунушталууда


Кыргызстанда «Манасчы» макамын расмий бекитип, аны алгандарга ай сайын салыктар кармалганга чейин 62 миң сом төлөө сунушталууда. Маданият министрлиги даярдаган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Макамга кеминде 15 жыл манасчылык менен алектенген, өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде таанылган, шакирт тарбиялоо тажрыйбасы бар манасчылар талапкер боло алышат.

Тандоо эки жылда бир өткөрүлөт. Талапкерлер «Манас» үчилтигинин он эпизодунан үзүндүлөрдү аткарышы керек. Жеңүүчүлөргө бир жылга төлөм дайындалып, ишинин жыйынтыгына жараша узартылышы мүмкүн. Алар маданий иш-чараларга катышып, шакирттерди окутуп, ай сайын отчет беришет. Программага 2027-жылы 20 млн сомдон ашык каражат каралган.