Кыргызстандыктар малина, кулпунай жана карагатты Кытайга экспорттой алышат


Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмөлөрдү Кытайга экспорттоого уруксат берилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 31-августта тараптар фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюшкан. Ал эми 20-октябрда Кытай малина, карагат жана бүлдүркөндү импорттоого расмий уруксат берген.

Экспортко чыгуу үчүн мөмө өстүрүлгөн жерлер жана таңгактоочу ишканалар белгиленген талаптарга жооп берип, Кытайда каттоодон өтүшү керек. Дыйкандарга жана ишкерлерге Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу сунушталат.