Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Аламүдүн районундагы Чңкурчак жайлоосунда жайгашкан «Супара-2» этнокомплексиндеги өрт 350-400 чарчы метрди түзүп, ашкананы жана жыгач боз үйдү каптаган.
Тилсиз жоо 4-ноябрда болжол менен саат 21:52де мештин морлорунан чыккан. Өрт тутанган учурда ашканада эч ким болгон эмес. Жалпысынан ал жерде 15 ашпозчу иштейт. Кырсыкты өчүрүүгө ӨКМдин үч өрт өчүрүүчү унаасы тартылган.
Учурда өрт фактысы боюнча соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалып, милиция тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

