Ош облусунда жер титиреди.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 6 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө-айылында 3.5 баллды түзгөн.

