Садыр Жапаров ЖККУ саммитине катышуу үчүн Москвага барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10–11-ноябрда иш сапары менен Москвага барат. Ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздукту, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү, ошондой эле биологиялык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Жыйынтыгында декларацияга кол коюлуп, Жамааттык коопсуздук келишиминин 35 жылдыгына жана ЖККУнун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар планы бекитилери күтүлүүдө.