Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилди


Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визалык режимди жоюу жөнүндө мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бирок бир жылдын ичинде визасыз жүрүү мөөнөтү жалпысынан 90 күндөн ашпоого тийиш.
Белгилей кетсек, тиешелүү макулдашууга 11-майда Бишкек шаарында кол коюлган. Жогорку Кеңеш аны 15-октябрда ратификациялаган.