Бугүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11, Баткен регионунда +5…+10, Талас өрөөнүндө +2…+7, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын аймагында +7…+9 градус болот.
Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +5…+7 градусту түзүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке маал карга айланышы мүмкүн. Ал эми Ош шаарында +9…+11 градус болуп, жаан жаайт.

