Жогорку Кеңеш Ала-Арчадагы кайгылуу окуя боюнча атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүүдө. Бул тууралуу парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, депутаттарга окуя боюнча маалыматтар берилип жатат. Маалымат кечээ да алынган, учурда аны топтоо иштери уланууда.
«Мындан тышкары, атайын комиссия иштеп жатат, ал өзүнүн корутундусун чыгарат. Бул багытта Башкы прокуратура, анын ичинде Аскер прокуратурасы да иш алып барууда. Биз бул маселе боюнча сөзсүз маалымат алабыз», — деди Маматалиев.
Ошондой эле ал комиссиянын ишинин жыйынтыгы алынгандан кийин маселе комитеттин же Жогорку Кеңештин өзүнчө жыйынында кошумча каралышы мүмкүн экенин белгиледи.
«Азырынча комиссия иштеп жатат, анын корутундусун күтө туралы», — деп кошумчалады парламент төрагасы.

