Таксистке кол салып, кайра өзү ооруканага жеткирген шектүү кармалды


Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери Чүй облусунун аймагында такси айдоочусуна кол салууга шектүүнү кармашты.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милициянын «102» кызматы аркылуу эркек кишиге бычактан жаракат келтирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы дача массивдеринин биринин аймагында белгисиз жаран такси айдоочусу, 1982-жылы туулган С.А.га кол салып, ага учтуу буюм менен жаракат келтирген.

«Кол салуудан кийин шектүү жабырлануучуну анын автоунаасы менен медициналык мекемеге жеткирип, ошол жерге калтырган. Андан соң жабырлануучуга таандык автоунааны мыйзамсыз ээлеп алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал 2007-жылы туулган Т.А. аттуу жаран болуп чыгып, кармалып, райондук башкармалыкка жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Окуя Чүй облусунун аймагында болгондугуна байланыштуу кармалган жаран жана топтолгон материалдар андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Чүй облусунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.