Ош шаарында «Жаштык Арена» спорттук-көңүл ачуучу комплекси курулат


Ош шаарында 5 200 көрүүчүгө ылайыкталган «Жаштык Арена» спорттук-көңүл ачуучу комплекси пайда болот.  Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026» форумунун жабылышында билдирди.

Комплекс Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашат. Анда муз аренасы, хоккей жана күрөш боюнча мелдештер өтүүчү аянтчалар, концерттик жайлар, соода түйүндөрү жана кафелер болот. Курулушту 2027-жылдын мартында баштап, 2030-жылдын мартында аяктоо пландалууда.