Ала-Арчада каза болгон 15 жаштагы Амирдин өлүмүнөн кийин ӨКМ башчысына катуу сөгүш берилди


Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге тартиптик жаза берген тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Амир 7-ноябрда саат 19:02де 112 кызматына чалып, Адыгене чокусунан түшүп келатып адашканын билдирген. Сөөгү 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Электро чокусунун аймагынан табылган. Алдын ала божомол боюнча, ал сууктан каза болгон.