Бүгүн, 12-ноябрда, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда да кар жаашы мүмкүн. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
• Чүй облусу: түнкүсүн −2…+3°C, күндүз +2…+7°C
• Талас облусу: түнкүсүн −5…0°C, күндүз +1…+6°C
• Ош облусу: түнкүсүн +1…+6°C, күндүз +4…+9°C
• Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +1…+6°C, күндүз +4…+9°C
• Баткен облусу: түнкүсүн +1…+6°C, күндүз +4…+9°C
• Ысык-Көл облусу: түнкүсүн −4…+1°C, күндүз +4…+9°C
• Нарын облусу: түнкүсүн −6…−1°C, күндүз +3…+8°C
• Бишкек: түнкүсүн 0…+2°C, күндүз +5…+7°C

