Нарында Сары-Кыр жана Кында ашуулары жабылды


Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу эки ашууда жана бир унаа жолунун тилкесинде унаа кыймылы убактылуу токтотулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, төмөнкү жол тилкелери жабылды:

  • Казарман – Жалал-Абад жолу — 0-52-чакырым аралыгы, Тогуз-Торо районундагы Сары-Кыр ашуусу;
  • Нарын – Орук-Там жолу — Эки Нарын айылынан 50-чакырымдан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки тилке;
  • Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу — 0-225-чакырым аралыгы, Ат-Башы районундагы Кында ашуусу.

«Аба ырайынын жана жол шарттарынын начарлашынан улам бул тилкелерде унаалардын коопсуз жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк жок», — деп айтылат маалыматта.

Жабылган жол тилкелери аба ырайына жана жолдун абалына жараша жаз айларында ачылат. Айдоочуларга убактылуу жабылган жолдорго чыкпоо жана коопсуздук талаптарын сактоо эскертилди.