Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз картошкасын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу 11-ноябрда Ташкентте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмоновдун жолугушуусунан кийин белгилүү болду.
Тараптар экспорттогу тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу маселелерин да талкуулашты. Кыргызстан ата мекендик ишканалардын Өзбекстандын реестрине киргизилишин тездетүүнү сунуштады. Бул алардын коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусун жеңилдетет.

