Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери уланууда


Баткен облусунда алыскы Зардалы айылына алып баруучу Таян — Зардалы жолунун 6,4 чакырымына асфальт төшөлдү.  Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Кууш тоо жолу 10 метрге чейин кеңейтилди. Бул үчүн тоо боорлорунда жардыруу иштери жүргүзүлгөн. Учурда жолдун айрым тилкелерине темир-бетон тосмолор орнотулууда. Тоолуу аймактагы татаал шарттардан улам курулуш этап-этабы менен жүрүп, калган тилкелердеги иштер улантылат.