Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген аял кармалды


Милиция «BITEVOLUTION» компаниясына байланыштуу кылмыш ишинин негизги фигуранты, 62 жаштагы К.Г.Э. аттуу жаранды кармады.

Арыз ээлеринин айтымында, компания акчаларын эки эселеп кайтарып берүүнү жана жогорку киреше табууну убадалап, кийин милдеттенмелерин аткарбай из жашырган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.

Жабыркагандар +996 505 131 113 же 102 номерине кайрылса болот.