Транспорт министрлиги Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин жанына жер алдынан өтүүчү өтмөк куруп баштады. Курулушту каржылоону министрлик өзүнө алып, жумуштар 15-декабрга чейин жыйынтыкталат.
Бул тилкеде унаалар тынымсыз катуу жүргөндүктөн жөө адамдар үчүн кооптуу болуп келген. Жаңы өтмөк жол кырсыктарын азайтып, жарандардын коопсуз өтүүсүн камсыздайт.

