Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип үч жооптуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн алкагында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалынын башчысы С.А.О., айыл аймактардын биринин мурдагы башчысы А.А.Ж. жана райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А.Ы. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Маалыматка караганда, шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, жеке турак жай куруу үчүн жер аянтын мыйзамсыз кеңейтүү менен айыл аймактын башкы планын бекитишкен. Текшерүү иштери президент Садыр Жапаровдун аймактын тургундары менен жолугушуусунан кийин башталган.
Учурда тергөө уланып, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

