Айбек Шаменов Достук айылынын элинен кечирим сурады


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын элинен кечирим сурады. Бул тууралуу УТРКга берген маегинде белгилүү болду.

Облус башчы эл менен жолугушуу учурунда эмоцияга алдырып койгонун айткан.

«Эл менен жолукканда чынында эмоцияга алдырып койдум. Жалпы Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз», -деген ал.

Ошондой эле Достук айылынын тургундарына эми 10 сотых жерге үй салынарын, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилерин айтты.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-мартта Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда орой баарлашкандыгы үчүн президент тарабынан оозеки түрдө эскертүү алган.