Алматыда аэропорттун кызматкерине кол салган адам жарым жыл мурун телефон аркылуу өтө катуу сүйлөшүп жатат деп автобустун жүргүнчүсүнө кол салган. Бул тууралуу Zakon.kz порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алматынын полиция департаменти Алматы аэропортунун кызматкерин 7 — мартта бычак менен коркутуп барымтага алган адам жана 2024-жылдын ноябрында автобустк телефон аркылуу катуу сүйлөп жаткан кызга кол салган адам, 67 жаштагы Машрапбек Баратов экенин тастыктады.
Автобустагы окуя үчүн 2024-жылдын ноябрында полиция Баратовго карата кылмыш ишин козгогон. Аны алгач УКЖга киргизишкен, бирок кийин сот тергөө мезгилинде үй камагына чыгарган.
«Тергөө учурунда баш коргоо чарасы катары сот тарабынан үй камагы тандалган. Сотко чейинки териштирүү аяктагандан кийин кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн. Былтыр декабрда Сот Баратовду бир жыл эркиндигин чектөөгө өкүм кылган», — деп айтылат маалыматта.

